Site icon Reporter.kg

Кара-Суу районунда жакында заманбап санарип оорукана ачылат — сүрөттөр

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында оорукана катары кайра баштан жасалып жаткан мурдагы лицейдин имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Нариман аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Арстан Жолдошев Мамлекет башчысына Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы № 64 кесиптик лицейи 1964-жылы ачылгандыгын маалымдады. 3 кабаттуу окуу имаратында жатакана, китепкана, ашкана жана өрт өчүргүч кампасы болгон. Бирок 2019-жылы окуучулардын саны азайып кеткенине байланыштуу мектеп жабылып калган.

Коронавирус инфекциясы жайылып кеткен учурда аталган имаратты 150 койко-орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына айлантуу чечими кабыл алынган. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Учурда имараттын чатыры толугу менен оңдолуп, жылытуу системасын жөндөө иштери аяктап, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Объектте 100дөн ашык адам иштейт.

Ошондой эле, жакынкы убакта оорукана электрондук саламаттыкты сактоо системасына кошулат.

Сооронбай Жээнбеков көрүп чыккандан кийин оорукана катары кайрадан жасалып жаткан иштердин сапатына жана тездигине канааттанганын билдирди.

[su_image_carousel source=»media: 40482,40483,40484,40485,40486,40487″ crop=»none» autoplay=»4″]

Өз кезегинде дарыгерлер ага өздөрүнүн көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Атап айтканда, коомдук тамактануу имаратын курууга жардам берүүсүн өтүнүштү.

Президент Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн тийиштүү оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин имаратты пайдаланууга болот деп тыянак чыгарган ашкананын эски имаратын көрүп чыкты.

Сооронбай Жээнбеков агенттикке тез арада мүмкүнчүлүк таап, ашкананы ремонттоо маселесин чечүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, өлкө аймактарында медициналык мекемелерди капиталдык оңдоп-түзөө иштери тездетилген шартта улантылып, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы жугуштуу оорулар ооруканалары курулуп жатат.

Exit mobile version