Site icon Reporter.kg

Кара-Суу районунда жол кырсыгынан эки жигит каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан эки жигит каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында Ташлак айылынын аймагында болгон. «Жигули» жана «Нива» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсыктан төрт адам жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок 17 жана 19 жаштагы балдар медициналык мекемеде каза болушкан.

Exit mobile version