Site icon Reporter.kg

Кара-Суу районундагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы Көкүм-бий көчөсүндөгү каналдан адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМ билдиргендей, окуя болгон жерге Кара-Суу райондук 4 куткаруучу барды. Учурда адамдын өздүгү такталып жатат.

Куткаруучулар жансыз денени чыгарышып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version