“Кара-Суу — Ынтымак” коому согуш ардагерлерине жана муктаждарга акчалай жардам көрсөттү

“Кара-Суу — Ынтымак” коому согуш ардагерлерине жана муктаждарга акчалай жардам көрсөттү


“Кара-Суу Ынтымак” коому согуш ардагерлерине жана мүмкүнчүлүгү чектелген тубаса шал оорусу менен жабыркагандарга акчалай жардам көрсөттү.

Аталган коомдун жана «Ахмадали-Ата Болушев» фондунун негиздөөчүсү Жениш Болушев 9-май Жениш күнүнө карата Кара-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагерине 35 000 сом бөлүп, ар бир ардагерге 5000 миң сомдон жөлөк пул берген.

Жениш Болушев ошондой эле жардамга муктаждар үчүн 95 миң сом бөлүп, коронавируска байланыштуу өлкөгө киргизилген чектөөлөрдөн улам кыйналып турган  20дан ашуун үй-бүлөнүн ар бирине 5000 миң сомдон акчалай жардам көрсөткөн.

Сөз болуп жаткан бул 20 үй-бүлөдө тубаса шал же ДЦП менен ооруган балдар тарбияланат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>