Site icon Reporter.kg

Кара-Суу жана Ноокат райондоруна жаңы акимдер дайындалды 

Абыкеев Темирболот Асаналиевич Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Субагожоев Жакыпбек Мойдунович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Ноокат районун Данир Иманалиев жетектеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version