Site icon Reporter.kg

Кара-Сууда 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан “Кара-Суу канаттуулар фабрикасына” тиешелүү болгон 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарынын жардамы менен аталган жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз түрдө өтүп кеткени аныкталган.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылган.

Exit mobile version