Site icon Reporter.kg

Кара-Сууда 11 жаштагы бала кудукка түшүп кетти

Кара-Суу районунда 11 жаштагы бала кудукка түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нариман айыл аймагынын Мачак айылында 7 метрлик кудукка 2011-жылы туулган П.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин, бала туугандары тарабынан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version