Кара-Сууда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн боюн таштап каза болду — видео

Кара-Сууда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн боюн таштап каза болду — видео

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 26 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында белгисиз атуул бийиктиктен өзүн-өзү боюн таштап каза болгондугун Ош ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

Бул факты 136-берене (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен катталган.

25-март күнү болжол менен саат 17:00 чамасында, Орусиянын жараны 26 жаштагы З.Т.Э. Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен түшүп кетип, Т.З окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган.

Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяны ар тараптуу териштирүү боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

“Маркум Т.З Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктап, 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кеткен. 24-мартта Москва шаарына келген, жогорку билимдүү, бойдок”, — деп кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>