Кара-Сууда боюн көпүрөдөн таштап жан берген кыз жигитине таарынган

Кара-Сууда боюн көпүрөдөн таштап жан берген кыз жигитине таарынган

Кара-Сууда кыз жигит менен урушуп кетип, боюн көпүрөдөн таштап, жан берген. Кыздын жигити үй-бүлөлүү болуп чыкты.

Бийиктиктен секирип өз жанын кыюу аракетин көрүп жаткан кызды эс алууда жүргөн балдар байкап калышып, алар аны секирбешине көндүрүүгө аракет кылышкан, бирок ал жигитин аялы менен алыстан көрүп, секирип кеткен.

Кыз сууга кулап кеткенден кийин, куткаруучулар тобу аталган жерге жөнөтүлгөн. Анын сөөгү Ак-Буура дарыясынан табылып, андан соң милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Окуя Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы Дача участкасында катталган. Кыз 26 жашта болгон. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

25-март күнү болжол менен саат 17:00 чамасында, Орусиянын жараны 26 жаштагы З.Т.Э. Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен түшүп кетип, Т.З окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган.

Кара-Сууда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн боюн таштап каза болду – видео

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>