Кара-Сууда эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик адамга мыйзамсыз паспорт берилген

Кара-Сууда эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик адамга мыйзамсыз паспорт берилген

Кара-Сууда эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик адамга мыйзамсыз паспорт берилген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Өзбекстан “конституциялык түзүлүшкө кол салуу” беренеси менен эл аралык издөө жарыялаган Хомидов Нематжон Сомиевичке 2018-жылы Кара-Суу шаарынын тургуну катары кыргыз паспорту берилген.

Ошондой эле паспорт алган учурда ал Кыргызстандан сыртта болгон жана 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү аныкталган.

Мындан тышкары, бул адам ИИМдин маалыматына ылайык мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда бул окуя боюнча Жазык кодексинин 330-беренесинде (паспортту мыйзамсыз берүү) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>