Кара-Сууда эл ташыган унаа тосмону сүзүп, 7 адам ооруканага түштү  

Кара-Сууда эл ташыган унаа тосмону сүзүп, 7 адам ооруканага түштү  

Кара-Сууда жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 27-ноябрда таңга маал саат 6:00дөр чамасында болгон.  Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 590-чакырымында “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 аял жана 5 киши  жабыркаган.

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>