Ош облусунун Кара-Суу райондук администрациянын алдында митинг өттү. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Нааразычылык акциясына райондогу соода түйүндөрүнүн ишкерлери жана «Тураталы» базарынын соодаргерлери кошулганы кабарланат.
Митингде Министрлер кабинети талап кылып жаткан кассалык аппараттарга жана жаңы салык саясатына каршылык айтылды.
Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл.
Патент жоюлгандан кийин биринчи үч айда соодагерлер текшерилбейт
Биздин Телеграм каналга катталыңыз