Site icon Reporter.kg

Кара-Сууда изделип жаткан эки жашар кыздын сөөгү табылды

Кара-Суу районунда изделип жаткан эки жашар наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районуна караштуу Падаван айылынын Кош-Таш 2 тилкесинде «Увам» каналынан изделип жаткан 2021-жылы туулган Б.Х. аттуу наристенин (кыз) сөөгү 16-апрелде саат 21:30да туугандары тарабынан табылды.

“Жерине издөө ишин жүргүзүү үчүн саат 16:30да ӨКМдин Ош шаардык Куткаруу кызматынан жана Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан жалпы 23 куткаруучу тартылган болчу”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version