Кара-Сууда кылмышкерлер тургунду бутка атып, 100 миң долларын алып кетишти – видео

Кара-Сууда кылмышкерлер тургунду бутка атып, 100 миң долларын алып кетишти – видео

Кара-Сууда кылмышкерлер тургунду бутка атып, 100 миң долларын алып кетишкен. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда окуя 26-декабрда  Кара-Суу районунун Савай айылында болгон.  Анда ата-бала бараткан автоунааны белгисиз адамдар өздөрүнүн автоунаасы менен сүзүп токтотуп, 24 жаштагы уулунун бутуна тапанча менен атып жаракат келтиришкен. Ал жерден автоунааларын таштап, ата-баланын 100 миң долларын алып,  башка “ДЭУ-Нексия” үлгүсүндөгү унаага отуруп из жашырып кетишкен. 

Милиция ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүп, кылмышкерлер из жашырган автоунааны табышкан.

Учурда кылмышкерлерди кармоо аракети уланууда. 

 

View this post on Instagram

 

A post shared by @osh_oiib

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>