Кара-Сууда кылмышкерлер тургунду бутка атып, 100 миң долларын алып кетишкен. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда окуя 26-декабрда Кара-Суу районунун Савай айылында болгон. Анда ата-бала бараткан автоунааны белгисиз адамдар өздөрүнүн автоунаасы менен сүзүп токтотуп, 24 жаштагы уулунун бутуна тапанча менен атып жаракат келтиришкен. Ал жерден автоунааларын таштап, ата-баланын 100 миң долларын алып, башка “ДЭУ-Нексия” үлгүсүндөгү унаага отуруп из жашырып кетишкен.
Милиция ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүп, кылмышкерлер из жашырган автоунааны табышкан.
Учурда кылмышкерлерди кармоо аракети уланууда.