Кара-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кара-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кара-Суу районундагы балдар интернат мектебине,  карыялар үйүнө жана көзү азиз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү.  Бул тууралуу Муфтияттын басма  сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагында имамдын демилгеси менен жардамга муктаж балдар үйүнө, балдар интернат мектебине,  карыялар үйүнө жана көзү азиз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 110 000 сомдук азык-түлүк жана 6 жандык союлуп, эти таратылды.

Иш-чарага “Имам-Ата” мечитинин имамы Юсуфхан Ахматалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мечит мутавалиси  биргелешип жалпы 200 адамга азык-түлүктү жеринде тапшырышкан.

Жардам баштыгында эт, нан, кум шекер, чай, шириндик, мөмө-жемиш, жетим балдар үчүн ич кийимдери, байпак, бут кийим, памперс, каша жана башка керектүү каражаттар сатылып алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>