Кара-Сууда мектеп күйүп кетти

Кара-Сууда мектеп күйүп кетти

Кара-Суу районунда мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү саат 18:28 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп күйүп кетти.

Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>