Site icon Reporter.kg

Кара-Сууда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда турак үй өрттөнүп бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1 айлынындагы жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн чатыры, бөлмөлөрү, терезе жана үй буюмдары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 64 жаштагы эркек киши каза болгон. Учурда өрттүн себептери такталууда.

Exit mobile version