Кара-Сууда унаадан чыккан өрт эки баланын өмүрүн алды

Кара-Сууда унаадан чыккан өрт эки баланын өмүрүн алды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жылкелди айылында унаа өрттөнүп, эки бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 24-октбрда болгон.

Короодо токтоп турган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын ичинде ойноп жаткан 4 жана бир жаштагы балдар унаадан чыга албай калышкан. Андан кийин унаадан өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен балдардын денеси күйүк алган.

Жабыркаган балдар Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына жеткирилип, алган жаракаттарынан улам каза болуп калышкан. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>