Site icon Reporter.kg

Кара-Сууда жер семирткич чыгарган ишкана салынууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Синержи Био Органик» компаниясы тарабынан жер семирткич чыгарган ишкана жана күнөсканалар курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкчүлүлүгү билдирди.

Райондук акимчилик 2022-жылы компанияга жер семирткич чыгарган ишкана жана күнөсканаларды салуу үчүн 15,92 га жерди 49 жылга ижарага берген.

План боюнча, 2023-жылдын 1-январына чейин компания 546 миң доллар инвестиция тартып, заводдун курулушун бүткөрмөк. Ал эми 2023-жылдын март айынан тарта өндүрүштү баштамак. Ошондой эле 2024-2025-жылдары күнөсканаларды куруу жана жабдууларды сатып алуу үчүн кошумча 11 млн 378 миң доллар инвестиция тартышы керек болгон. Учурда бөлүнгөн жер аянтында кеңсе, курулуш материалдары сакталган кампалар жана заводдун каркасы гана тургузулган.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган ишканага барып, компаниянын курулуш иштерин кечиктирүүсү боюнча жыйын өткөрүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө каржылык көйгөйлөр жана инвестициялык кражаттардын кечиккендиги долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгону, курулушка тиешелүү айрым уруксат кагаздары 2024-жылдын 1-июнунда алынганы белгилүү болгон. Бирок бул тууралуу акимчиликке расмий түрдө билдирүү жасалган эмес.

«Жыйынтыгында долбоордо каралган биринчи этаптын курулушун 2025-жылдын 1-майына чейин бүткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version