Кара-Сууда жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Кара-Сууда жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы  жол кырсыгынан бир адам каза болуп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, «Мерседес Бенс» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн  унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>