Кара-Сууда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, төртөө жабыркаган

Кара-Сууда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, төртөө жабыркаган

Кара-Суу районунда 10-сентябрь күнү саат 00:26 Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө “Daewoo Nexia” унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Натыйжада 1 эркек адам (1995-жылы туулган) каза болуп, 4 эркек жабыркаган.

Бирок, ооруканага жетпей бир адам жолдон каза болгон.

ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы ооруканага жеткиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>