Кара-Суудагы оронгон окуучулар боюнча муфтият жана министрлик үн катты

Кара-Суудагы оронгон окуучулар боюнча муфтият жана министрлик үн катты

Кара-Суу районундагы оронгон кыздарды мектепке жолугун чечтирип киргизгени боюнча Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Билим берүү министрлигине кат жолдоду. Бул тууралуу “Репортёрго” муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кара-Суу районундагы мектептердин биринде дин ишенимине байланыштуу оронуп алган окуучуларды жоолуктарын чечмейинче мектепке киргизишпей жатканы боюнча муфтият Билим берүү министрлигине кат жолдоду”, — деп кабарлашты.

Ал эми Билим берүү министрлигинен учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

“Билим берүү жөнүндө» мыйзамыга ылайык, баш кийим (калпак, жоолук, хиджаб, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес. Бүгүнкү күндө министрлик ушул мыйзамга ылайык иштеп келет.

Кара-Суу шаарындагы №66 Ленин атындагы орто мектебинин жетекчилигине райондук билим берүү бөлүмү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен билим берүү мекемелерине окуучулар менен мекеме кызматкерлеринен башка эч ким киргизилбейт”, — дешти министрликтин маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районундагы мектептердин биринде дин ишенимине байланыштуу оронуп алган окуучуларды жоолуктарын чечмейинче мектепке киргизбей жатканы кабарланган. Ошондой эле бул окуя Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөөгө алынган.

28-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов Кара-Суу районундагы жоолукчан кыздарды мектепке киргизбей көйгөй жаралганын айтып, тийиштүү мекемелердин бул боюнча маалыматын угууну сунуш кылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>