Site icon Reporter.kg

Кара-Суудагы жол кырсыгынан дагы бир өспүрүм көз жумду

Кара-Суудагы жол кырсыгынан Ош ооруканасынан дагы15 жашар кыз көз жумду. Бул туурасында Reporter.kgге Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  Ош облустар аралык ооруканада 6 киши оор, орто абалда 2 киши жатат. Ал эми балдар ооруканасында эки өспүрүм оор абалда. Шаардык клиникалык ооруканада орто абалда бир бейтап бар.

Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Андан  7 киши жеринен каза болуп, 22 киши жараат алды.

Ош-Бишкек жолу: Кырсыктан 22 киши жараат алды. Алардын абалы

Exit mobile version