Карачай-Черкесте аңчылыкка чыкан атасы өз уулун атып алды

Карачай-Черкесте аңчылыкка чыкан атасы өз уулун атып алды

Карачай-Черкес Республикасынын Прикубан районунда атасы өз уулун атып алды. Бул тууралуу милицияга шилтеме кылып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар карашкырларга аңчылыкка чыккан. Аңчылардын арасында 59 жаштагы тургун жана анын 39 жаштагы баласы болгон.

Аң улоо кезинде атасы камыш арасынан катуу добуш угуп,  карышкыр бар деген ой менен карабин мылтыгынан ок чыгарган. Тилекке каршы ок анын уулуну тийген. Алган жаратынан улам 39 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча “кокустуктан киши өлтүрүү” беренеси менен маркумдун атасына карата кылмыш иши козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>