Site icon Reporter.kg

«Каракол дүң жана чекене соода базасы» мамлекетке өттү

Жалпы аянты 2 гектар 52 сотых болгон «Каракол дүң жана чекене соода базасы» Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2000-жылы Ак-Суу районунун акиминин чечими менен Гебзе көчөсү, № 200 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер участогу Каракол соода базасынын карамагына берилген.

Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген. Мындан тышкары 2001-жылы аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты «мурдагы чечимдеги техникалык ката» деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган база ыктыярдуу негизде мамлекетке өткөрүлдү

Exit mobile version