22-24-апрель күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда, ошондой эле Каракол — Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирди.
Бул күндөрү муз тоңуп, жолдор тайгак болот. Мындан улам ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертип, зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштады.