Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кирпичный завод кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында 32 жаштагы У.У. атту эркек киши оор жук ташуучу унааны оңдоп жатканда басып калган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар унаанын астындагы кишини чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, бирок жабыркаган ооруканага жетпей тез жардам унаасында каза болгон.
5 куткаруучу тартылган.