Каракол шаарындагы “Жеңиш” паркына коомдук даараткана курулат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фонд өзү курулушту каржылайт. Долбоордун сметалык баасы 3 миллион 418 миң сомду түзөт.
Долбоордун болжолдуу наркына төмөнкүлөр кирет:
– Түздөн-түз чыгымдар;
– техникалык жана эмгек чыгымдары;
– кошумча чыгымдар;
– Сметалык пайда.
Дааратканада төмөнкү бөлүмдөр болот: вестибюль, касса, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн эркектердин дааратканасында: эркектер үчүн кабиналар, кол жуугучтар жана унитаздар;
майып аялдар үчүн ажатканада: аялдардын кабиналары, кол жуугучтар, тепкич жана пандус.
Курула турган жер жана долбоордун сметасы Каракол шаарынын мэриясы тарабынан жасалган. Бүгүнкү күндө даараткана куруу боюнча келишим «Чынгыз Интернэшнл Групп» ЖЧКсы менен түзүлгөн.
[su_image_carousel source=”media: 39265,39264,39263″ crop=”none” autoplay=”4″]