Каракол шаарына 3,4 млн сомго коомдук ажааткана курулат — сүрөт

Каракол шаарына 3,4 млн сомго коомдук ажааткана курулат — сүрөт

Каракол шаарындагы «Жеңиш» паркына коомдук даараткана курулат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фонд өзү курулушту каржылайт. Долбоордун сметалык баасы 3 миллион 418 миң сомду түзөт.

Долбоордун болжолдуу наркына төмөнкүлөр кирет:

— Түздөн-түз чыгымдар;

— техникалык жана эмгек чыгымдары;

— кошумча чыгымдар;

— Сметалык пайда.

Дааратканада төмөнкү бөлүмдөр болот: вестибюль, касса, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн эркектердин дааратканасында: эркектер үчүн кабиналар, кол жуугучтар жана унитаздар;

майып аялдар үчүн ажатканада: аялдардын кабиналары, кол жуугучтар, тепкич жана пандус.

Курула турган жер жана долбоордун сметасы Каракол шаарынын мэриясы тарабынан жасалган. Бүгүнкү күндө даараткана куруу боюнча келишим «Чынгыз Интернэшнл Групп» ЖЧКсы менен түзүлгөн.

[su_image_carousel source=»media: 39265,39264,39263″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>