Каракол шаарында бир адам сууга чөгүп кетти

Каракол шаарында бир адам сууга чөгүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, маркум 1-август күнү Каракол шаарындагы Тельман жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги сууга түшүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн 2-август күнү саат 08:30да табышкан. Учурда маркумдун өздүгү такталып жаткандыгы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>