Site icon Reporter.kg

Каракол шаарында карантинде эки баласын бага албаган эне өзүнө кол салды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында  47 жаштагы эне эки баласын карантинде бага албай өзүнө кол салды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, өзүнө кол салган аялдын мектеп курагындагы эки баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Ал буга чейин жалданма жумуштарга чыгып күнүмдүк азык-түлүгүн таап жүргөн.  Бирок карантин башталганы балдарынын курсагын тойгуза албай калган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, аял үйүнөн дары ичип, жашоо менен кош айтышканга аракет кылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калды.

Учурда Каракол шаардык мэриясы үй-бүлөнүн азык-түлүк маселесин чечип бергенин билдирди. Бул окуя ушул айдын башында орун алган.

Exit mobile version