Караколдо өспүрүм кыз Ысык-Көлгө чөгүп кетти

Караколдо өспүрүм кыз Ысык-Көлгө чөгүп кетти

Өспүрүм кыз Ысык-көлгө чөгүп, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга кечээ 8-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык пляжында көлгө 2005-жылы төрөлгөн кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>