Site icon Reporter.kg

Караколдо 2 миң орундуу маданий борбор куруу пландалууда


Каракол шаарында 2 миң орундуу маданий борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азырынча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк борбордун болжолдуу эскиздерин талкуулап жатат.

Аянты 4 гектарды ээлеген маданий борбор Карасаев көчөсүндө жайгашат. Имарат концерттерди жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылып, ичинде жыйындар залы, китепкана, кафе жана балдар аятчасы болору убада кылынды.

Анткен менен курулуш иштери качан башталып, ага кайсы булактан каражат сарпталары айтылган жок.

Exit mobile version