Site icon Reporter.kg

Караколдо 20,1 млн сомго «Коопсуз шаардын» камералары орнотулат

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары орнотулат. Аталган иштерди аткара турган компанияны тартуу үчүн тендер жарыяланды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары, керектүү жабдыктар үчүн 20 млн 118,8 миң сом каралган.

Сынакка катышууну каалагандар 20-ноябрга чейин арыздарын жөнөтө алат. Кошумча маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталынан алса болот.

Exit mobile version