Site icon Reporter.kg

Караколдо 5-кабаттан боюн таштаган өспүрүм аман калды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир имараттын бешинчи кабатынан боюн таштаган 16 жаштагы кыз аман калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү болгон. 16 жаштагы өспүрүм кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырынан секирген.

Кыздын абалы жакшы экенин облустук бейтапкананын дарыгерлери билдирген.

Азырынча кыздын бул кадам баруусунун себептери тактала элек.

Exit mobile version