Ысык-Көлдүн Каракол шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээси бир жарандан 4,8 млн сом алып, алдап кеткен деп кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-январда аларга 29 жаштагы жаран (Ж.К.) кайрылып, 2024-жылы сентябрда Караколдогу акча алмаштыруучу жайдын ээси (С.У.) 4 млн 810 миң сом алып, аны жети күндүн ичинде долларга алмаштырып берем деп убадалап, ошону менен жок болуп кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, акча алмаштыруучу жайдын ээси (С.У.) 4,8 млн сомду 58 миң долларга алмаштырып берем деп алган. Бирок ал 15 миң долларды карыздарына төлөп, калган акчаны үстөк пайызга берип жиберген.
Ал шектүү катары кармалып, биринчи суракта күнөөсүн мойнуна алган. Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынган.
Учурда анын башка алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүүдө. Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0708 140 013, 0701 747 510, же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.