Караколдо алтын сөйкө уурдаганга шектелип 26 жаштагы келин кармалды — сүрөт

Караколдо алтын сөйкө уурдаганга шектелип 26 жаштагы келин кармалды — сүрөт

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы зергер дүкөндөн алтын сөйкө уурдаганга шектелип, 26 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу аталган облусттук  ички иштер бөлүмүнүн басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кайрылган. Жабырлануучу билдиргендей, болжол менен 16.30 – 17.00 саатын убагынын аралыгында белгисиз адамдар «Бугу» базарында жайгашкан зергер дүкөнүнөн баасы 16 миң 800 сомду түзгөн бир түгөй алтын иймектерин уурдап кетишкен.

Аталган кабар боюнча криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, Каракол шаардык күзөт бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү катары аял кишини кармашкан. Ал Түп районунун Көөчү айылынын 26 жаштагы тургуну Б.А. болуп чыкты. Жаш келинден далил зат катары уурдалган алтын иймектер алынды.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында шектүү адамдын ушул өӊдү кылмыштарга катыштыгы бар, же жок экендиги да текшерилүүдө.     

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>