Site icon Reporter.kg

Караколдо дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы кыз табылды — видео

Каракол шаарында дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды, деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 11-октябрь күнү болжол менен кечки саат 17:00 чамаларында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын жергиликтүү тургуну  кайрылып, 7 жаштагы  өспүрүм кызы дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө билдирген.

Энесинин айтымында, кызы эртең менен саат 8:00дө мектепке кетип, кайра кайтып келген эмес.

Кайрылуу түшкөндөн кийин дароо эле  Каракол ШИИБдин жалпы өздүк курамы кызды издөөгө тартылып, бир саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыздын апасы милициz кызматкерлерине ыраазычылык  билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңы
Exit mobile version