Site icon Reporter.kg

Караколдо кызганычтан улам күйөөсү ур-токмокко алган аял оор абалда

Каракол шаарында аялын ур-токмокко алган деп шектелген жаранга иш козголуп, камакка алынды, деп билдирет Ысык-Көл облустук милициясы.

Маалыматка караганда, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда облустук ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринин алкагында аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон.

Учурда медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version