Site icon Reporter.kg

Караколдо облустук ооруканадан 60 бейтап эвакуацияланды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук оорукананын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалын мекемени таңкы саат 6да каттап, ал 7:40та толук өчүрүлдү. Оорукананын 12 чарчы метр күйдү.

Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 адам жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version