Каракол шаарында салмагы 6 килограммдан ашык эркек бала төрөлдү. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
14-январда 38 жаштагы аял 39-жумада Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кесарево жолу менен эркек баланы жарык дүйнөгө алып келди (салмагы 6,640 гр.).
Бүгүнкү күндө эне-баланын абалы канааттандырарлык.
Бөлүмдөн наристе үй-бүлөдөгү бешинчи бала экендигин такташты.