Караколдо түнкүсүн аялдарды тоноп, зордуктап жүргөн деп 27 жаштагы адам кармалды

Караколдо түнкүсүн аялдарды тоноп, зордуктап жүргөн деп 27 жаштагы адам кармалды

Караколдун тургуну түнкүсүн аялдарды сабап, тоноп зордуктоого аракет кылып жүргөн  деп кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Сентябрь айынын орто ченинде, бир нече күндүн аралыгында Каракол шаарынын милициясына үч аял арыз менен кайрылган. Алар белгисиз медициналык беткапчан адам, түндө көчөдөн кол салып, бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алгандыгын билдирген. Жабырлануучулардын бири, белгисиз адам уюлдук телефонун тартып алуунун алдында, зордуктоого аракет көргөндүгүн билдирсе, экинчи аял, каршылык көрсөткөндөн улам, кол салган адам аны катуу сабап салгандыгын айткан.

Жабырлануучулардын бири  36 жаштагы Ак-Суу районунун тургуну Каракол шаарында жайгашкан меймакананын биринде түнкү нөөмөттө иштеп жатканда кол салууга кабылганын айткан.  Саат 22: 00 чамаларында, ал эс алып жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирип келип, балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин бычак менен коркутуп, 6800 сом акча каражатын жана 2 уюлдук телефонун тартып алгандыгын, ошондой эле, жуунучу бөлмөсүнө күч менен алып кирип, ал жерден зордуктаганын, арызында көрсөткөн.

Бул кылмыштар боюнча түшкөн арыздар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекснин 138 (Ден соолукка оор зыян келтирүү), 161 (Зордуктоо), 162 (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 202 (Каракчылык) беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган. Аталган кылмыштардын бетин тез арада ачуу максатында Каракол шаарынын милициясынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

29-сентябрь күнү, аталган топтун кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну Ж.У. кармалып, алгачкы суракта эле күнөсүн мойнуна алган.

Далил зат катары, андан кылмыш куралдары катары балка жана бычак табылган. 

Кылмышка шектүү катары кармалган Каракол ШИИБдин УКЖга 48 саатка киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бардык 5 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш бир ишке бириктирилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 42162,42163,42164″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>