Site icon Reporter.kg

Караколдо таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Каракол шаарында 4-октябрда Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча Беларусь компаниясы менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Анын айтымында, завод «Каракол өсүү чекити» долбоорунун алкагында республикалык бюджеттин эсебинен курулмакчы. Ага жалпы 135 млн сом бөлүнүп, тендерди 111 миллион сомго Беларустун «Сифания Экотехника» компаниясы утуп алган.

Тендер бардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 миллион сом заводду курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго заводдо орун алчу жерге ангар жана башка жумуштар аткарылмакчы.

«Заводду алып келип, орнотуу 90 күн ичинде ишке ашышы керек. Ноябрь айында бардык жабдыктар алынып келинип, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси жүрөт. Долбоордун негизинде 40-50 жумушчу орун  түзүлөт.Таштандынын бөлүү иштери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүү процесстери Каракол шаарынын «Тазалык» ишканасында болот», — деп билдирет мэрия.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version