Site icon Reporter.kg

Караколдо тоо лыжасы боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 18-20-февраль күндөрү өтөт. Ага өлкөнүн район-шаарларынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Мелдештин 18-февраль күнү саат 10:00 дө башталып, ачылыш аземи болот.

Exit mobile version