Site icon Reporter.kg

Караколдо «Улут баскан – Улуу жол» эл аралык этнофестивалы өтөт

1-2-июль күндөрү Каракол шаарында VI «Улут баскан – Улуу жол» эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, фестиваль Каракол шаарынын 156 жылдыгына арналып уюштурулууда.

Фестивалда кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО» көргөзмөсү, тамак-аш, кыргыз боз үйү көргөзмөсү, «Сармерден» концерти уюштурулат. Ошондой эле айтыш, улуттук оюндар, жаш манасчылардын айтуусу өтөт.

Мындан тышкары татар-башкыр диаспорасынын «Сабантуй—2025» этнофестивалы жана жылдыздардын катышуусунда гала-концерт болот.

Exit mobile version