Site icon Reporter.kg

Караколдогу лыжа базада асма жолдун мамысы кулап түштү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда саат 12:20 чамасында Каракол капчыгайында жайгашкан «Каракол» тоо лыжа базасынын канаттык жолунун (канатная дорога) 1 мамысы кулап, жарандар түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, лыжа базанын техникалык тейлөө бригадасы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, адамдарды аман-эсен түшүрүп алышкан.

Буга кошумча жеринде коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөп, эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Каракол шаардык №15 ӨКБдан ыкчам топ жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version