Site icon Reporter.kg

Караколдун борборунда дрифт жасаган айдоочу кармалды — видео

Каракол шаарында жол эрежесин одоно бузуп, борбордук аянтта дрифт кылган бейбаш айдоочу кармалды. Бул тууралуу 14-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочу Каракол ШИИБнин жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан кармалган.

 “Айдоочу Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын Азамат Асанов аттуу тургуну болгон. Унаа айып төлөнүүчү жайга киргизилди. Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси (Автобейбаштык) боюнча протокол түзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version