Site icon Reporter.kg

Караколго кар жаады — сүрөт, видео

11-ноябрга караган түнү Каракол шаарында кар жаады. Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдиргендей, кардын калыңдыгы 20-30 сантиметрге жетет.


“Учурда Каракол шаарында 6 техниканын жардамы менен жолду жааган кардан тазалоо иштери жүрүп жатат”, — деди Кожоев.

Кыргызгидромет ишканасы өлкөнүн тоолу аймактарына жааган кардан улам ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.

Exit mobile version