Карамушкина: Тоң районунун соту Соодонбеков окуучу кызды зордуктаган

Карамушкина: Тоң районунун соту Соодонбеков окуучу кызды зордуктаган

13 жашар кызды зордуктагандарды актаган сот өзү да окуучу кызды зордуктаган. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Фейсбук” баракчасына жазды. 

Ал Тоң районунун соту Сабыр Соодонбеков окуучу кызды зордуктап, ал кыз төрөгөнүн жана Соодонбековду камакка алуу зарылдыгын жазган. 

“Менин бул билдирүүмдү Башкы прокурорго расмий кайрылуу катары кабыл алып, каттооңуздарды өтүнөм. Бул сот өзү дагы Түптө 9-класстагы кызды зордуктап, ал кыз төрөгөнүн   мен кокустан билип калдым. Аны тез арада камакка алып, иликтөөнү башташ керек.  Азырынча адамдар ачык кайрылуудан коркушууда”, — деп жазган Карамушкина. 

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдеткен. Жабырлануучунун жактоочусу сот  айыпталуучуга карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишти «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми аны кошо айыпталып жаткан  Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды актап жибергенин айткан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>